Базардын тушунан табылган жансыз дене. Тергөөчү Эржан Шаймерденов кылмыш кантип ачыкталганын айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Шаймерденов Эржан Асанбекович чоң атасынын жолун жолдоп, милиция кызматкери болду. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жумушу тууралуу айтып берди.

Каарманыбыз 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 3 уул жана 1 кыздын атасы. 2012-жылы Юридикалык академиянын тергөө-криминалистика факультетин аяктаган.

«Окууну бүткөндөн кийин ар кандай ишканаларда эмгектенип жүрдүм. 2015-жылдан тартып 2019-жылга чейин укук таануу кафедрасынын мугалими кызматын аркалап, андан соң 2019-жылдын 26-апрель айынан тарта ИИМде кызмат өтөп баштагам. Азыркы учурда Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү болуп эмгектенем.

Милиция кызматына келип калганымдын себеби, чоң атам Исмаилов Шаймерден Исмаилович Улуу Ата Мекендик согуштан кийин ИИМде ыкчам кызматкер катары кызмат өгөн. Мен да бала кезден милицияда кызмат өтөп, кылмыштуулук менен күрөшүп, элиме кызмат кылганды кыялданчумун. ИИМде кызмат өтөп жатып, буга чейин алган билимимди, ошондой эле жогорку окуу жайда иштеп жүргөндөгү теориялык билимимди практикада жүзөгө ашырып жатам. Күн сайын буга чейинки алган билимимди өркүндөткөнүм мен үчүн эң чоң жетишкендик», — деди ал.

Эржан Шаймерденов жумуш учурунда эсте калган окуя менен бөлүштү.

Пример HTML-страницы

«Көп эле окуялар болот. Анын бирин айтып берейин, окуя 2020-жылдын 7-январь күнү Алмата—Бишкек—Ташкент жолунун 233-чакырымында болгон. Тактап айтканда, айланма жолдун «Дордой» базарынын тушунда белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган. Окуяны териштирген учурда жол кырсыгы болгон жерден 380 метр алыс аралыкта сүйрөлгөнү аныкталган. Ыкчам тергөө аракеттердин негизинде эки чоң жүк ташуучу автоунаа окуя болгон жерден жанаша өткөндүгү аныкталды. Андан соң ыкчам аракеттердин негизинде аталган кылмышка шектелген эки чоң жүк ташуучу автоунаалар биринин айдоочусу «Соснова» постунан кармалып, экинчиси Токмок шаарынан табылган. Автоунааларды кароого алган учурда биринин алдынан кандын издери чыкты. Ошентип тергөөнүн жүрүшүндө жолдун жээгинде мас абалында турган аял киши чоң жүк ташуучу автоунаа өтүп бара жаткан учурда автоунаанын алдыңкы жана арткы дөңгөлөктөрүнүн ортосуна кулап кеткени такталды. Бул убакта айдоочу байкабай кете бергенине байланыштуу кулаган жеринен 380 метр аралыкка сүйрөп кеткен», — деди ал.

Каарманыбыз бош убактысын үй-бүлөсү менен өткөргөндү жакшы көрөт.

«Келинчегим менен киного барып, же болбосо балдарыбыз менен шаардын четине чыгып эс алганды жакшы көрөбүз. Себеби биздин жумуш ары оор, ары татаал болгондуктан бош убакыт аз. Үй-бүлөмө көңүл бурганга да аракет кылам», — деди Шеймерденов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️