Базар-Коргондун Ооган-Талаа айылында аймактык оорукана ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБазар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагындагы Ооган-Талаа айылында аймактык оорукана ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 40 орундуу мекеме республикалык бюджеттен 113 млн 641 миң сомго курулду. Курулушу 2018-жылдын октябрь айында башталган. Ооган-Талаа айылында 8582 адам жашайт. Айылдап Могол структуралык бөлүмү (ФТБ), №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жана ошондой эле Могол тез жардам пункту (ПЭМП) бар.

Могол структуралык бөлүмүндө 1 дарыгер, 1 чарба кожоюну (завхоз), 5 кенже кызматкер жана 13 медайым болуп жалпы 20 адам эмгектенет. Ал эми №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 1 дарыгер, 1 кенже кызматкер, 1 кароолчу жана 10 медайым болуп жалпы 13 адам эмгектенет. Могол тез жардам пунктунда (ПЭМП) 1 кенже кызматкер, 3 айдоочу жана 9 фельдшер болуп 13 адам эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️