Базар-Коргондо окуучулар абакка ылайыкталып салынган мектепте окуп келишкен

TurmushЖалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагынын №36 С.Балтабаев мектеби 2 корпустан туруп, 550дөн ашык бала 3 нөөмөт менен окуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мектептин директору Рустам Убайдуллаев билдирди.

Маалыматка караганда, мектеп дээрлик 1 кылым мурда абакка ылайыкташып курулган. Учурда 120дан ашык бала аралыктан билим алып жатат. 1-4-9-11-класстан башка класстар 2 айдан кезеги менен онлайн окуп турушат.

Мектеп 2021-жылы ӨКМ тарабынан кооптуу катары корутунду чыккан.

Р.Убайдуллаев аралыктан окутууга мажбур болгон кадамды төмөнкүдөй тушүндүрүп берди.

«Биздин мектеп 2 корпустан турат. Имараттын биринчи корпусу 1936-жылы ашар жолу менен абакка ылайыкташып курулган. Кийинчерээк ал жер колхоздун имараты андан соң, айылда мектепке муктаждык пайда болгондо билим уя катары пайдаланылып калды.

Пример HTML-страницы

Имараттын пайдубалы чөгүп, дубалдарда жаракалар пайда болуп, чатырындагы жыгачтар, класстык бөлмөлөрдүн полу чирип, кулап кетүү коркунучунда турат. Мындан улам быйыл бул имаратты жаптык. 2008-жылы курулган экинчи корпуста балдарга билим берүүнү туура көрдүк.

Чакан имаратта класстык бөлмөлөр жетишпейт. Ошол себептүү 122 баланы онлайн окууга тараттык. Азыркы учурда 5-6-класстар үйлөрүндө билим алып жатышат. Бүтүрүүчү класстар гана толук окушат. Калган 400дөн ашык балага 3 нөөмөт менен билим берип жатабыз. Аргасыздын иши болуп жатат», — деди.

Сөз болуп жаткан мектепте окуу кыргыз жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт. Физика предметинен сабак берген Нигора Нишанованын айтымында, мындай шартка элеттеги мугалимдер көнүүгө аргасыз.

«Окуу жылы башталгандан тарта мугалимдер телефон менен балдарга сабак өтүп жатышат. Быйылкы жылы мугалимдер өз каражатыбыздан директордун мурдагы иш бөлмөсүн актап, сырдап, класстык бөлмөгө айланттык. Мугалимдер бөлмөсү жок. Талкуулоочу иштер болуп калса, эски имаратка барабыз. Келээрки 2 айда мүмкүн, 7-8-класстар аралыктан окушат. Ошентип, кезек менен окуучуларды үйлөрүнө таратып, быйылкы окуу жылын аягына чыгарыбыз го деп турабыз. Ата-энелер балдарын башка мектепке берем десе окуучулар коңшу айылга дээрлик 8-9 чакырым жол басып барышы керек», — дейт ал.

Арстанбап айыл аймагынын башчысынын орун басары Икрамжан Чолпонов маселенин альтернативалык жолу катары окуучуларды мөөнөт менен онлайн билим берүүгө өткөргөнүн маалымдап, жакынкы жылдары имарат маселеси чечилээрин айтты.

«Быйылкы жылы бул эски мектептин ордуна жаңысын куруу үчүн каражат жок. Ошентсе да жергиликтүү бийлик тараптан мектеп курулчу жердин мамлекеттик актылары алынды. Башында 225 окуучуга ылайыкташкан билим берүү мекемесин куруу планыбыз бар эле, ал үчүн 1,5 гектар жер тилкеси керектелет экен. Мындан улам азыркы тапта 100 орундуу заманбап мектеп куруу үчүн жер тилкеси жана жумушчу долбоору даярдалды», — деди.

Базар-Коргон району боюнча 69 мектеп бар. Анда 3800дөн ашык мугалим эмгектенип, 41 миң 818 окуучуга билим берип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️