Базар-Коргондо авариялык мектептин окуучулары аралыктан окуп жаткан. Эми алар турак үйлөрдө билим алууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда онлайн окуп жаткан мектептин окуучулары айылдагы 2 үйдө окуп башташты. Бул тууралуу Turmush басылмасына райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, С.Балтабаев мектебине жакын жердеги 2 үйдүн жашоочулары сыртта жүргөндүгүнө байланыштуу балдардын билим алып туруусуна макулдук беришти. 5-6-класстын окуучулары 18-сентябрдан тарта кадимки тартипте окуп жатат.

№36 С.Балтабаев атындагы орто мектеби 2 корпустан турат. 1936-жылы имараттын пайдубалы ашар жолу менен таш менен түптөлүп, сыртынан бетон менен куюлуп, дубалы ылайдан, чатыры шиферден курулган. 1-корпусу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг департаментинин 2021-жылдын 26-апрелиндеги корутундусу менен авариялык абалда деп табылган. Буга карабай имаратта окуучулар билим алып келген.

Имараттын эскилиги жетендиги жана жаз мезгилинде жаан-чачындын көп болгондугуна байланыштуу жаракалар чоңоюп, окуучулардын билим алуусуна жараксыз абал жаратып келет. Ошондуктан окуучулардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугун эске алуу менен №36 С.Балтабаев атындагы орто мектептин мугалимдеринин өтүнүч катынын негизинде Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн 2024-жылдын 3-сентябрындагы буйругу менен 5-6-класстардын окуучулары онлайн окутуу режимине өткөрүлгөн.

Мектепте иштеген 45 мугалимдин 27синин жеке ноутбугу, «Келечек үчүн билим берүү» долбоору алкагында келген 21 компьютер менен онлайн сабактар өткөрүлүп келген. Мектеп жамааты, жергиликтүү тургундар, райондук билим берүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрүлгөн чаралардын алкагында мектептин жанында жайгашкан эки жеке үйдүн бөлмөлөрүн класстык бөлмөлөргө ыңгайлаштырылды.

Пример HTML-страницы

С.Балтабаев мектебинин окуучулары билим алып жаткан 2-корпус 6 класстык бөлмөдөн турат.

———————————————————

Буга чейин Turmush Арстанбап айыл аймагынын №36 С.Балтабаев мектеби 2 корпустан туруп, 550дөн ашык бала 3 нөөмөт менен окуп жатканын жазган.

Мектептин директору Рустам Убайдуллаевдин айтымында, мектеп дээрлик 1 кылым мурда абакка ылайыкташып курулган. 120дан ашык бала аралыктан билим алып жаткан. 1-4-9-11-класстан башка класстар 2 айдан кезеги менен онлайн окуп турушат.

«Биздин мектеп 2 корпустан турат. Имараттын биринчи корпусу 1936-жылы ашар жолу менен абакка ылайыкташып курулган. Кийинчерээк ал жер колхоздун имараты андан соң, айылда мектепке муктаждык пайда болгондо билим уя катары пайдаланылып калды.

Имараттын пайдубалы чөгүп, дубалдарда жаракалар пайда болуп, чатырындагы жыгачтар, класстык бөлмөлөрдүн полу чирип, кулап кетүү коркунучунда турат. Мындан улам быйыл бул имаратты жаптык. 2008-жылы курулган экинчи корпуста балдарга билим берүүнү туура көрдүк.

Чакан имаратта класстык бөлмөлөр жетишпейт. Ошол себептүү 122 баланы онлайн окууга тараттык. Азыркы учурда 5-6-класстар үйлөрүндө билим алып жатышат. Бүтүрүүчү класстар гана толук окушат. Калган 400дөн ашык балага 3 нөөмөт менен билим берип жатабыз. Аргасыздын иши болуп жатат», — деген ал.

Сөз болуп жаткан мектепте окуу кыргыз жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт.

Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Икрамжан Чолпонов маселенин альтернативалык жолу катары окуучуларды мөөнөт менен онлайн билим берүүгө өткөргөнүн маалымдап, жакынкы жылдары имарат маселеси чечилээрин айткан.

«Быйылкы жылы бул эски мектептин ордуна жаңысын куруу үчүн каражат жок. Ошентсе да жергиликтүү бийлик тараптан мектеп курулчу жердин мамлекеттик актылары алынды. Башында 225 окуучуга ылайыкташкан билим берүү мекемесин куруу планыбыз бар эле, ал үчүн 1,5 гектар жер тилкеси керектелет экен. Мындан улам азыркы тапта 100 орундуу заманбап мектеп куруу үчүн жер тилкеси жана жумушчу долбоору даярдалды», — деген ал.

Базар-Коргон району боюнча 69 мектеп бар. Анда 3800дөн ашык мугалим эмгектенип, 41 миң 818 окуучуга билим берип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️