Базар-Коргон шаарында жаңгак фестивалы өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБазар-Коргон шаарында «Жаңгак токою – жаштарга жашыл мурас» аттуу жаңгак фестивалы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, саамалык алкагында жаңгактан жана башка токой продукцияларынан жасалган даамдар, жыгачтан жана жаңгактын кабыгынан жасалган эмгектер жармаңкеге коюлду. Туризм жана ишкердик боюнча презентациялар жасалды.

«Республика боюнча токой аянтына же токойго жакын жерде жалпы 1 миллион 200 миң калк жашайт. Акыркы учурда адам факторунун астында токойлор жабыркап калган учурлар болууда. Кыргыз жаңгагынын аянтын сактоо, токой аймактарына жаңы көчөттөрдү тигүү иштерин жандантуу – учурдун талабы», — деди президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев.

Жалал-Абад облусунун аймагында 38 миң гектардан ашуун жаңгак токой бар. Бул Кыргызстандагы эң чоң табигый жаңгак токой болуп саналат. Алардын арасынан эң чоң аянт Базар-Коргон районунда жайгашкан. Кыргызстанда жаңгак дарагынын 9 биологиялык түрү бар.

Фестивалга токойчулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️