Базар-Коргон шаарында бала бакча ачылды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБазар-Коргон шаарында 50 орундуу бала бакчасы курулуп, пайдаланууга берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылыш аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Танзилия Сатимова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты. Маалым болгондой, бала бакчанын курулушуна жалпы 14 млн 994 миң 712 сом акча каражаты сарпталган.

Жергиликтүү тургун Зейнепкан Касымованын айтымында, сөз болуп жаткан Абдураимов айылында буга чейин бала бакчасы болгон эмес.

«Мен ушул айылга келин болуп келгем. Ал кезде айылда эски бала бакчасынын имараты болуп, бирок ал да жарактан чыгып, кароосуз калган экен. Мындан улам балдарыбызды бала бакчага бере алган жокпуз. Кийинчерээк эгемендүүлүк алгандан кийин мурдагы Базар-Коргон айыл аймагында жеке менчик балдар бакчасы ачылып, шарты бар тургундар балдарын ошол жакка ташып жүрүштү. Ар кандай учур болуп калат. Жаан жаап, жол алыс, ага карабай ата-энелер балдарын ташып жүрүштү. Көпчүлүк шарты келбей, балдарын үйдө тарбиялашты. Бул бала бакчанын курулушу өткөн жылы башталып, быйыл колдонууга берилди. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ишке киргени ушул айылда жашаган келиндер үчүн абдан жакшы болду. Эми балдарын мамлекеттик бала бакчада тарбиялашат. Буйруса менин да бир неберем барып жатат. Бул саамалык жалпы айыл эли үчүн абдан жакшы болду», — дейт айыл тургуну З.Касымова.

Пример HTML-страницы

Азыр бала бакчада 3 тайпа билим алууда. Жаңы имарат балдарга эле эмес, мындагы эмгек жамаатка да жакшы болгонун бала бакча жетекчиси Барниса Фарманкулова да жашырбайт. Айтымында, курулушу көпкө күттүргөн бала бакчага кирүү үчүн азыр да кезек күткөндөр арбын.

«50 орундуу бала бакчасынын курулушу өткөн 2022-жылдын 1-августунда толугу менен аяктаган. Штат маселеси, балдарга керек болгон жабдуулар орнотулуп, бүгүнкү күнү ачылыш аземи болуп жатат. Айылда бала бакча жок болгондуктан, бул объектинин ачылышын эл да аябай күтүп турган экен. Элдин талабы менен 50 орундуу бала бакчаны 75 орунга ылайыкташтырып чоңойттук. Азыр кадимки тартипте иш алып баруудабыз. Мында чоң тайпада сабактар орус тилинде өткөрүлсө, калган эки тайпада сабактар мамлекеттик тилде өтүлөт. Бүгүнкү күнү эле 50дөй ата-эне балдарын бала бакчага киргизүү үчүн кезекке туруп кетишти», — дейт бакча жетекчиси.

Кошумчалай кетсек, сөз болуп жаткан 50 орундуу инновациялык бала бакчасынын курулушуна Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду 14 млн 994 миң 712 миң сом каражат которсо, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 3 млн 098 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Ошондой эле, аталган Абдураимов айылында спорт борборунун да ачылыш аземи өттү. Долбоордун жалпы суммасы 7 млн 245 миң 226 сомду түзгөн. Анын 4 млн 245 миң 226 сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, 2 млн сому Базар-Коргон шаарынын өздүк салымы катары, калган 1 млн сом элдик салым катары берилген. Ачылыш аземге айыл тургундары жана бийлик өкүлдөрү катышты.

Базар-Коргон шаарында 59 миңден ашык калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️