Баткенге өрүктөрдүн мөмөсүн кагып түшүрүүчү жаңы техника алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусуна өрүк, жаңгак сыяктуу мөмөлүү дарактардын бутагын силкип, мөмөсүн кагып түшүрүүчү жаңы техника алынды. Бул тууралуу дыйкан Турсунали Төлөмүшев билдирди.

Анын айтымында, техника 22 миң долларга алынды.

«Баткенде өрүк бышкан учурдагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири – бышкан өрүктү сабагынан кагып түшүрүү. Кагып түшүрүү учурунда адамдар кулап түшкөн жана башка кырсыктар болот. Бул техника менен 1 күндө 2-3 гектарга жакын өрүк бактын өрүгүн кагып түшүрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Сыноодон өткөрдүк, абдан жакшы. Бул техника менен өрүк кагуу аларга эч кандай зыян келтирбейт Өрүк кагып берүү үчүн дыйкандар тарабынан көп сунуш болуп жатат. Буйруса баасы чечилип, жумушту эми баштайбыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️