Пример HTML-страницы

Баткенге Англиядан, Россиядан, Өзбекстандан адамдар келишти (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 22-майда Баткен облусунда үчүнчү ирет уюштурулуп жаткан «IBTE» фестивалында «Көчмөндөрдүн тамак ашы», «Айгүл», «Баткен күрүчү», «Килем» көргөзмөлөрү менен башталды. Бул тууралуу президент тин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалы мболгондой, фестивалдын алкагында аймакта өстүрүлгө экологиялык жактан таза азык-түлүктөр, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай ишканаларынын өндүргөн продукциялары коюлду. Өзгөчө малинадан жана күрүчтөн жасалган токоч, дары чөптөрдөн жасалган самын, бак-дарактардын тамырынан жасалган сувенирлер, боексуз токулган килемдер, көчмөндөрдүн улуттук тамак-аштарынын жүздөгөн түрү келген коноктордун көңүлүн бурду.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков, Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова, Англиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер, Россиядан, Өзбекстандан келген коноктор катышты.

Жетекчилер Баткен облусунун туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөр, алгачкы натыйжалар тууралуу сөз сүйлөп, өтүп жаткан иш-чара Баткен облусунун туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилешти.

Аталган фестиваль облуста үчүнчү ирет өтүп жатат. Буга чейин 2 ирет Баткен шаарында өткөн. Быйылдан тарта аталган иш-чара жыл сайын облустун ар башка район, шаарларында кезеги менен өткөрүлөт.

Учурда Баткен облусунун туризм боюнча логотиби жана туристтик картасы иштелип чыккан.Туристтерди кабыл алып кеңеш берүүчү борбор, байкоо аянтчаларын куруу иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE