Пример HTML-страницы

Баткендин тургундарынан Ноокаттагы селден жабыр тарткандарга жардам жеткирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат районунун селден жабыркаган тургундарына Баткен облусунун тургундарынан жардам жеткирилди. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жардам катары азык-түлүк, өздүк гигиена каражаттары, турмуш тиричиликке керектүү жана өзгөчө кырдаалдардан кийинки калыбына келтирүү мезгилинде зарыл болгон буюмдар жеткирилди. Жөнөтүлгөн жардам Ноокат районундагы атайын штабка тапшырылды.

Буга чейин Абшыр-Ата аймагында сел жүрүп, 125 үйгө зыян келтирилгени кабарланган. Анын ичинен 25 үйдүн короосуна жана жер төлөсүнө суу кирген. Тазалоо иштерине ӨКМден техникалар, жүздөгөн адамдар тартылган. 3 үй авариялык абалда турганы айтылган.

ӨКМ бүгүн, 2-июлда Ноокат районунда сел суусу кирген жалпы 28 үй сел калдыктарынан толугу менен тазаланып бүткөнүн маалымдады.

Маалыматка караганда, райондун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында ӨКМдин 9 техникасы, Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылында 3 техника, Көк-Жар айыл аймагынын Ак-Өтөк айылында 2 техника иштеп, сел калдыктарынан тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары №37 жол тейлөө ишканасынын 4 техникасы менен жолдорду калыбына келтирүү жумушу жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE