Пример HTML-страницы

Баткендин тоолорунан чоң жумуртка табылды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун тоолорунан жергиликтүү тургун чоң жумуртка таап алды.

«Капчыгайдагы зоокадан чоң уяны байкадым. Ал жерде эмне болушу мүмкүн деп кызыгып, анан барып көрүүнү чечтим. Болжол менен узуну 10 см, туурасы 7 см, өңү боз-ак болгон жумуртка бар экен. Бул Кыргызстанды байырлаган эң чоң куш — жорунун жумурткасы экен. Андан кийин уя ээлеринин тынчын албоо үчүн акырын кетип калдым», — деди жергиликтүү тургун.

«Жорулар — Кыргызстандагы абдан чоң жырткыч куштар. Биздин өлкөдө сакалдуу жору, кара жору, ак кажыр, кумай, тарпчыл деген түрлөрү байырлайт. Эң чоңу — сакалдуу жору.

Ал канатын жайганда узундугу 2,5 метрге жетет. Жорулардын ичинен эң кичинеси — тарпчыл. Анын канаттарынын узундугу 1,6 метрге гана жетет. Жорулар табияттын санитарлары деп аталат. Алар таштандычылардын жана көр казуучулардын ролун ойношот. Негизги азыгы — ири жаныбарлардын тарпы. Демек, жорулар эчки, аркар жана башка туяктуу жаныбарлардын үйүрлөрү жүргөн жерлерде гана кездешет.

Сакалдуу жана кумай Кызыл китепке кирген. Жоорулар уяларын аска-зоолорго салышат. Ал жерде февраль айында бир жумуртка инкубациялана баштайт. Узак убакыт, дээрлик бир жарым ай инкубациялайт. Бирок балапандар дайыма эле ийгиликтүү чыга бербейт.

Балапанын ата-энеси экөөлөп багышат. Бирок ал жай чоңоюп, жайдын аягына чейин уяда калат. Жорулар узак жашашат — 30-50 жыл», — дейт эколог Александр Сосновский.

Жорулардын дене узундугу 90-114 см. Башы, мойну жылаңач же түк менен капталган. Канаты жазы, тарп издеп, кээде өтө бийиктикте бир нече саат бою калкып учууга жөндөмдүү. Чуркай дагы алышат. Көк жору гана жемин буту менен көтөрүп учат. Көпчүлүгү тарп жана таштанды жейт.

Аска, жар, дарактарга уялайт. 1 жумуртка тууйт. Африка, Түштүк Европа, Борбордук жана Түштүк Азияда 9 урууга бириккен 14 түрү жашайт. КМШ өлкөлөрүндө 4 уруусунун 5 түрү бар.

Жорулар табигый санитар катары өтө пайдалуу. Алардын саны азаюуда (айрыкча Европада). Балта жутар жана башкалар коргоого муктаж.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE