Баткендин Таян айылындагы 150 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Таян айылында 150 орундуу мектеп салынып жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө окуу корпустун дубалы тургузулуп, учурда чатырын жабуу, ички жана сырткы курулуш иштери аткарылууда. Курулушту ушул жылы толук бүткөрүү пландалууда. Мектеп 2 кабаттуу окуу корпустан, өтмө галереядан, ашкана жана спорттук залдан турат. Жалпы аянты 1233 чарчы метрди түзөт.

Объекттин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Буга чейин Баткен районунун акимчилиги аталган мектептин жаңы имараты ушул жылдын сентябрь айына бүткөрүлүп, пайдаланууга берүү пландалганын кабарлаган. Курулуштун жалпы сметалык баасы 82,8 млн сом болуп, республикалык бюджеттен каржыланган.

Курулуш иштерин «АВТОЭНЕРГОСНАБ» ЖЧКсы жүргүзүп жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «АВТОЭНЕРГОСНАБ» ЖЧКсы 2008-жылдын 24-ноябрында каттоодон өткөн. Директору катары Жайнаков Нишанбай Мажитович, түзүүчүсү катары Боронов Таалайбек Самидинович көрсөтүлөн. Ишмердүүлүгү: Шаардык жана шаар четиндеги жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жер үстүндөгү транспорттук иш.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️