Пример HTML-страницы

Баткендин Өзбекстандын аймактары менен болгон экономикалык байланышынын көлөмү 6,7 млрд сомдон ашты

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандын Баткен башчысы Абдикарим Алимбаев жана Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчиси Хайрулло Бозаров менен Шахимардан аймагында жолугушту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууга Баткен жана Фергана облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, чектеш район-шаарлардын башчылары да катышты. Анда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө туризм жаатында кызматташууну жаңы тепкичке алып чыгуу үчүн тийиштүү болгон мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, эки облустун чек араларында жайгашкан өткөрмө пункттарда чет өлкөлүк жарандарды өткөрүү шарттарын жеңилдетүү маселесин карашты. Аны менен катар быйылкы туризм сезонун ачуу аземин биргеликте өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле кыргыз-өзбек ишкерлеринин алкасын чыңдоо, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү жөнүндө сөз болуп, Өзбекстандын Кувасай шаарында кыргыз соода үйүн ачууну тездетүүнү макулдашышты.

Буга чейин президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге алып чыгуу боюнча кол койгон документтерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбек Республикасынын Фергана облусунун акимиятынын ортосунда кызматташууну кеңейтүү жөнүндө комплекстүү программага (жол карта) кол коюлган.

Анын алкагында, 2023-жылы Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана жана башка облустарынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин үлүшү 88,2% түзүп, 6,7 млрд сомдон ашык сумманы же 76,4 млн долларды түздү. Ошол эле учурда Баткен облусунан Өзбекстанга экспорт товарлардын көлөмү импорттун көлөмүнөн 2,6 эсеге жогору болду. Жыйынтыгында экспорттун көлөмү 55,1 млн долларды түздү. Ал эми Өзбекстандан 21,2 млн долларга товар импорттолду.

2024-жылдын биринчи кварталында Баткен облусунун Фергана облусу менен товар жүгүртүүсү 1,1 миллиард сомду же 11,85 миллион долларды түздү. Натыйжада Баткен облусунун сырткы байланыштар багытында кошуна Өзбекстандын аймактары менен кызматташуусу биринчи орунда келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE