Баткендин Кыштут айылында 2 кабаттуу мектеп курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Кыштут айылындагы эскилиги жеткен мектептин имаратынын ордуна 150 орундуу жаңы имарат курулуп жатат. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, бардык шарттары менен бүткөрүлүп, 2023-жылдагы окуу жылына пайдаланууга берилет. Эски мектеп авариялык абалда. Ошентсе да быйылкы окуу жылында өз тартибинде иштеп, окуучуларга өз убагында билим берип, ишмердүүлүк уланат.

Кыштут орто мектебинин имараты элдик ашар жолу менен алгач 1928-жылы курулган. 1949-жылы, андан кийин 1968-жылы оңдолуп курулган. Ал эми 1985-жылы 10 жылдык орто мектеп болуп ачылган. Мектеп 150 окуучуга ылайыкташтырылган. Учурда 195 окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️