Баткендин Кара-Бак айылынын тургундары аймактык-административдик реформа боюнча кайрылуу жасашты

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткендин Кара-Бак айылынын тургундары аймактык-административдик реформа боюнча президентке кайрылуу жасашты.

Маалым болгондой, алар жаңыдан өздөштүргөн аймакты башка айыл аймакка алдырып коюу алдында турушканын айтышууда. Баткен районунун Алты-Адыр айылы Кара-Бак айыл аймагындагы жаңыдан гана өздөштүрүлүп, эгин талаага жайытка жана жер тилке үчүн трасформацияланган аймак катары эсептелет. Аймакка тамчылатып сугаруу ыкмасы менен 250 гектар аймакка көчөт отургузушуп, 1500 кишиге жер бөлүнгөн.

Мындан сырткары жайытка 6000 гектар жер бар. Алдыда ирилештирүү максатында бул аймакты кошуна Төрт-Гүл айыл аймагына кошуу сунушталган. Тургундар буга каршы экенин айтып, жергиликтүү бийлик алардын пикири менен эсептешпей жатканын айтышты

«Учурда бир канча реформалар болуп жатат. Биз баарына макулбуз, президентти колдойбуз. Мына айыл аймактарды да бириктирүү да жакшы иш аракет. Бирок ушунда дагы кээ бир жагдайларга караш керек деп ойлойм. Элдин сунуш пикирин эске алып, анан жергиликтүү бийлик жогору жакка кабарлаш керек эле. Азыр биздеги айылдар кошуна айылга кошулганы жатат. Алты-Адыр аймагы биздеги жер тилке үчүн, мал жайыт, эгин талаа үчүн ыңгайлуу жаңыдан өздөштүрүлгөн айыл. Аны Төрт-Гүл айыл аймагына кошуп салса азыркы иригациялык иш-аракеттерибиз токтойт. Жер тилкелерибиз эмне болот.

Бизде 3500ден ашуун жаран кезекте жер алалбай турушат. 3 миң гектар аянт трасформация болуп жаштарга берилди эле. 250 гектар жерге тамчылатып сугаруу сиситемасы менен райондо биринчи болуп биз бак отургуздук. Алдыда дагы 50 гектар аянтка мунципиалдык бак өстүрөлү деп жатабыз. Эгер жерибиз башка айыл өкмөткө өтүп кетсе бул иштер аткарылбай калат. Анткени ал айыл аймак өзү датацияда олтурат. Же бизде жок же алар колдоно албай тескерисинче айыл аймактардын өнүп-өсүүсүнө шарт жаралбай калат.

Пример HTML-страницы

Биз бул маселени жергиликтүү бийликке айтып кайрылдык. Райондук, облустук жетекчилер, маселени жогору жактан чечилишин жүй-ө келтирип жатышат. Билебиз бул программа айыл аймактарды бириктирип, экономикасын өстүрүү, жашоо-шарттарын жогорулатууга багытталган. Бирок жергиликтүү тургундардын пикири менен эсептешүү туура деп ойлойбуз. Урматтуу президентибиз ушул маселени карап берсеңиздер. Бул жакка келсек «жергиликтүү бийлик мындай маселелерди эске алып, сунуш жибериши керек» дейт. Ал жакта «жогорудагылар чечет» дешет», — деди Кара-Бак айылынын тургуну Алишер Жээнбеков.

Облустук жетекчиликтин маалыматына караганда, элеттиктер бул маселе боюнча облустук бийликке да кайрылышкан. 27-август облус жетекчилиги аларды кабыл алышкан. Анда аймактык-административдик реформа боюнча кеңири түшүндүрмө берилген. Азыр аймактык-административдик реформа боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек, долбоору гана каралып жатат. Жарандардын сунуштары негиздүү болсо, комиссия карайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️