Пример HTML-страницы

Баткендин Кайыңды айылында 90 млн сомго салынып жаткан мектеп кийинки жылы пайдаланууга берилет

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Дара айыл аймагынын Кайыңды айылына 2 кабаттуу мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айылдагы Ж.Турусбеков атындагы орто мектептин имаратынын эскилиги жетип, авариялык абалга келген. Мектептин №1 корпусу 1975-жылы, №2 корпусу 1986-жылы элдик ашар жолу менен курулган. Андагы 195 окуучуга 20 мугалим билим берет.

150 окуучуга ылайыкташтырылып жаңы салынып жаткан билим уясынын жалпы сметалык баасы 90 млн сомдон ашат. Акчасы республикалык бюджеттен каржыланат. Имаратты 2024-2025-окуу жылына пайдаланууга берүү мерчемделген.

Мектептин «АВТОЭНЕРГОСНАБ» ЖЧКсы куруп жатат. Ал 2023-жылы 9-ноябрда каттоодон өткөн. Жетекчиси жана түзүүчүсү Жееналиев Жайнаков Нишанбай Мажитови көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

  • 2023-жылы сентябрь айында Кайыңды айылынын Ж.Турусбеков атындагы мектептин имаратынын эскилиги жетип, ордуна жаңы мектептин курулушу башталганы кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE