Пример HTML-страницы

Баткендин чек ара аймагына милициянын участкалык пункттары ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткендин чек ара аймагына милициянын участкалык пункттары ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз милициясынын 100 жылдык майрамына карата жана Баткен районуна 90 жыл толгондугуна байланыштуу Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында милициянын участкалык 2 пункту ачылды.

Самаркандек айыл аймагынын Паскы-Арык жана Жаңы-Бак айылдарында №30 жана №33 таяныч пункттары ачылды. Бул имараттарды ачылышына Баткен РИИБдин башчысы Алмаз Шагамурзаев демилге көтөрүп, милиция кызматкерлерине шарт түзүү жана жарандарга жеңилдиктерди жаратуу максатында жергиликтүү бийликке сунуш берип, жыйынтыгында жергиликтүү бийликтин колдоосу менен милициянын участкалык 2 пункту курулду. Алмаз Шагамурзаев курулушка жакындан жардам берген жергиликтүү тургундарга сыйлыктарды тапшырды.

Баткен РИИБдин Касым Шадыбеков атындагы Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсү жалпысынан 5 айылды тейлейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE