Пример HTML-страницы

Баткендин Чек айылында үй тибиндеги бала бакча ачылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 3-июнда Баткен районунун Дара айыл аймагынын Чек айылында үй тибиндеги бала бакча ачылды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, «Керемет» бала бакчасы 25 орунга ылайыкталган. Ал «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында жеке ишкер тарабынан ачылды.

Ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Бүгүнкү күндө Баткен районунда үй тибиндеги 5 бала бакчага 122 бала тартылды.

  • «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE