Баткендин Бужум айылын Манас баатыр экинчи Бээжин деп атаган

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Бужум айылынын аталышы жөнүндө эл арасында 2уламыш айтылып жүрөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Уламыштардын бири Манас баатырдын Бээжин шаарына болгон сапары менен байланыштырылат. Манас баатыр Бээжин шаарынан өтүп, азыркы Бужум айылына келгенде «Экинчи Бээжинди көрдүм» деген экен. Анын негизинде Бээжин деген сөз тыбыштык жактан өзгөрүп, Бужум деп аталып калган.

Экинчи уламыш боюнча Бужум айылында майда жалбырактуу бужугун деген терек өсөт. Дарактын аталышы да тыбыштык жактан өзгөрүп, айыл Бужум деп аталып калган.

Илгери айылда 5-6 гана түтүн жашап, айылдын төмөн жагы саздуу болгон. Бүгүнкү күндө Бужум айылы Баткен районундагы эң ири айылдардын катарына кирет. Анын күн чыгыш тарабы Андрей, Калинин, күн батыш тарабы Ынтымак, Омонок, түндүк-батыш тарабы Алтике жана Кокту айылдары менен чектешип, тургундардын саны 12 миңден ашат. Бужум айылында азыркы күндө айыл өкмөттөн имараты, оорукана, Бужум орто мектеби жана Шарап Токсонов атындагы орто мектептин имараты, «Кыргызтелекомдун» филиалы, 2 бала бакча, айылдык базар, №30630 аскердик бөлүк жана «Таза суу» ишканасы жайгашкан. Айыл эли негизинен дыйканчылык жана мал чарбасы менен алектенет.

Жайыттары: Ичке-Суу, Тамчы, Күңгөй жана Тескей Танги, Туз-Бел жана Жүрөк-Ой.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️