Баткендин Бөжөй айылына жакшы жайыт издегендер көчүп келишкен

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткендин Бөжөй айылынын тургундары алгач Өзбекстандын Сох районунда жашашкан. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын сураштырды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар жайыты жакшы, мал багууга ыңгайлуу дешип азыркы Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү Бөжөй айылына көчүп келишкен. Алардын айрымдары азыркыга чейин Өзбекстандын Жаңы-Арык айылында түтүн булатып келишет. Тажик улутунан кыз алып, уул үйлөп, убакыттын өтүшү менен өзбек тилинде сүйлөп, азыр алар өзбек жараны болуп калышкан. Ошондо бул жакка көчүп келишип, «бу жай мал багууга жакшы жай» деп жүрүшүп Бөжөй болуп аталып калган.

«Айылдын Бөжөй аталышынын дагы бир себеби бар. Ал бөжөй уруусу. Алар Лейлек районунда турушат. Андан сырткары Өзбекстандын Кокон шаары жактагы бир айылда бөжөй уруусу жашайт. Союз таркаганга чейин ошол уруунун өкүлдөрү келип, «катташып туралы, мамилелеш бололу» деп кетишкен. Бирок кийин эки өлкө тең эгемендүүлүк алып, карым-катнаш токтоп калды. Алар азыр өзбектешип кетишкен.

Негизи биздин бул уруу ошол Сох районунун Жаңы-Арык айылында жашашкан. Ал убакта чек ара да такталган эмес. Бул жакка келгендер азыр бир айылга батпай, Айдаркен, Өрүкзарга көчүп чыгып жатышат. Айыл бир эле сайда жайгашкан, эки тарабы тоо. Жер тар болгондуктан жаштарга Кадамжайдын Айдаркенинен, Өрүкзардан жер берилип, ошол жакка жайланышып жатышат», — деди айыл тургуну Абдикарим Курбанов.

Бөжөй айылында учурда 150 кожолук бар. 1 орто мектеп, ФАП бар. Эли дыйканчылык, малчылык менен алектенишет. Жазында сугат сууга тартыштык жаралат. Таза суу айыл четиндеги булактан тартылган.

Бөжөйдүн Баткен шаарына келүү үчүн Өзбекстан менен Кыргызстандын 2 өткөрмө постунан өтүшөт. Айыл буга чейин чек ара жабылганда анклавда калган учурлар болгон. Ошол учурда Бел аркылуу айланма жол салынган. Бирок айланма жол, алыс жана толук бүтпөй, кооптуу болгондуктан тургундар чек арадан катташат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️