Пример HTML-страницы

Баткендин Апкан айылында 1,2 миллион сомго китепкана ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылында айылдык китепкана ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, китепкананын курулушуна Чүйдүн Жайыл району тарабынан 585 миң сом акча бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен 415 миң 200 сом каралып, жалпы 1 млн 200 сомго бүткөрүлдү.

Китепкананын фонду 10858 китептен турат. Алдыда дагы көптөгөн китептер менен толукталмакчы. Бул жерге жаңы чыккан китептер, адабий, тарыхый жана башка багыттагы китептер коюлган. Жашоочулар каалаган убактысында келип китеп окуп кетселер болот. Аны үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Китепкана 10 миңден ашуун китепти сактоого ылайыкташтырылган. Бардык шарттары бар окуу залы 20 орунга ылайыкташтырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE