Пример HTML-страницы

Баткендин Ак-Татыр айылында күнүнө 8 тонна мөмө-жемишти кайра иштете ала турган цех курулуп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен районунда мөмө-жемишти кайра иштетүүчү 2 цех курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Татыр айылында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү муниципалдык цех курулуп жатат. Ишкана күнүнө 8 тоннага чейин мөмө-жемишти кайра иштетип, кургатып, таңгактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Анын курулушу аймакта өндүрүлгөн өрүк жана алманы кайра иштетүү менен жергиликтүү багбандарга шарт түзүү, аймакты дотациядан чыгаруу максатын көздөйт. Курулушка Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 22 млн сом ажыратылган. Быйыл курулушу аяктоосу пландалган ишканада 10 адамга жумуш орду түзүлөт.

  • Бул цехти «Мир Строй ЛТД» ЖЧКсы куруп жатат. Юстиция министрлигинин маалыматтар базасында «Мир Строй ЛТД» ЖЧКсы 2019-жылы 4-февралда каттоодон өткөнү белгиленген. Жетекчи жана түзүүчүсү катары Жунусов Тынчтыкбек Абытович көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Ошондой эле Баткен районунун Дара айыл аймагында муниципалдык вакуумдук муздаткычы бар кампа курулууда. 500 тоннага эсептелген логистикалык борбордун курулушуна Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында республикалык бюджеттен 7 млн сом каралган.Өнөктөш катары уюмдардын бири 10 млн сом салым кошкон. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлүнгөн. Быйыл бүткөрүүсү пландалган ишканада жыл соңунда 2 муздаткычы ишке берилет.

Муздаткычтуу кампа Дара айыл аймагында өрүктүн эрте бышуучу, кургатылбаган ак өрүк сортун жана кулпунайды сактоого өбөлгө болот.

  • Бул кампаны «Гамма-строй» ЖЧКсы куруп жатат. Ишкана 2022-жылы 28-январда кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси жана түзүүчүсү Жееналиев Максатбек Абдимиталипович көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Баткенде курулуп жаткан логистикалык борборлор:

Баткен районунун Дара айыл аймагына караштуу Жаңы-Жер айылында 20 млн сомдон ашуун акча каражатка логистикалык борбор курулуп жатат. Логистикалык борбордун жалпы аянты 1 гектарды түзөт. Борбор курулуп бүткөрүлсө, 500 тонна продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт.

Кадамжай шаарына 300 тонна мөмө-жемиш сактоого ылайыкташкан логистикалык борбор курулуп жатат. Бул курулуштун жалпы долбоорлук баасы 36 млн сомду түзөт.

Ушундай эле мөмө-жемиш сактоочу логистикалык борбор Кадамжай районунун Майдан айылында жүрүп жатат. Ал жалпы 500 тоннага ылайыкташкан. Жалпы долбоордук баасы 33 млн сом.

Галерея: Баткендин Ак-Татыр айылына 22 млн сомго логистикалык борбор курулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE