Баткендик Шухрат Бакировдун аарылары топтогон балды Египет, Японияга чейин алып кетишет

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарынын тургуну Шухрат Бакиров ата-бабалары алектенип келген балчылыкты улантып келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 60 ящик аарыларынан жылына 2-3 тонна бал алат. Баткенде гүлдүн сезону тез аяктагандыктан бал алуу кыйын. Ошондой эле башка аймактарга салыштырмалуу баасы жогору болот. Анан да Баткен аймагында гүл эрте жана таза бышып, нектарды жакшы чыгарат. Мындан улам балдын да айырмасы болот.

«Бал челектерди Лейлектин Төө жайлоосуна алып чыгам. Жыл сайын ошол жакка алып барып, гүл сезон бүткөнчө карайбыз. Суулуу жерде жакшы бал алынат. Анан да бизде башка облустарга салыштырмалуу гүл эрте гүлдөйт. Ошондуктан сезон эрте бүтөт. Бирок гүл таза гүлдөп, нектарын жакшы чыгарат. Ошондуктан сапатынан айырмаланат деп калышат.

Балдын түсү гүлгө карайт. Айрымдар ак, кээ бири ток сары түстө болот. 1 литрин 700-800 сомдон сатабыз. Кардарлар үйдөн эле алып кетишет. Бир сезондо жыйналган бал, кийинки жылга калбайт. Анан да туристтер алып Россия, Египет, Арабия, Японияга чейин алып кетишти.

Бизде экспорт жок. Экспортко чыгарсак балчыларга жакшы болмок. Биз азыр жергиликтүү базардан чыга албай калдык. Эгер экспортко дүң баада, көп көлөмдө чыгарсак, биз аарыларды дагы да көбөйтүп алектенмекпиз. Бал арыларды ата-энем карайт, биз жардам беребиз. Баткен ичинде туруктуу кардарлар көп», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Балчы балдан башка «Нак азык» деп атаган, дарылык касиетке ээ бал аралашкан азыкты да жасап сатат.

«Бул идиште турган «Нак азык» деп аталып, балга мейиз, өрүк, жаңгак, ашкабактын данеги, кунжут эзилип аралаштырылган. Биздеги накта шоколад, иммунитетти көтөрөт, кан көбөйтөт, жаш балдар жесе көп оорубайт. Мунун бир таңгагы 500 грамм. Баасы 450 сом. 1 килограммы 900 сомдон сатылат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️