Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Баткендик Саадаткан Даминова сүйүүсүн жана бакытын Чехияда тапканын айтат

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 2003-жылдан бери Чехияда жашап жана иштеп келе жаткан Саадаткан Даминова. Ал пол жуугуч жумуштан баштап банктын жогорку кызматтарына чейин иштегенин Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен 1976-жылы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айылында жарыкка келгем. Үй-бүлөдө 5 бир туганбыз. Учурда ата-энем жана бир туугандарымдын баары Кыргызстанда жашашат. 1983-жылы М.Ломоносов атындагы мектептин босогосун аттап, 1991-жылы тандоо жолу менен физика-математикалык жактан жөндөмдүү балдар үчүн эксперименталдык мектепке кабыл алынгам. Ошентип, Кадамжай шаарындагы эксперименталдык мектепти 1993-жылы аяктап, август айында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика жана финансы факультетине тапшырдым. Андан соң, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин магистр даражасы менен 1997-жылдын июнь айында аяктадым. Экономист-менеджер адистигине ээ болгон соӊ, ушул эле жылдын сентябрынан баштап Борбор Азиядагы Америкалык университетте экономикалык теория предмети боюнча сабак берип иштегем. Ушул эле жылдын ноябрь айында «Сары-Талаа» ЖЧКсына менеджер жумушуна кирип, 2000-жылга чейин иштедим. 2002-жылдын август айында “Кыргыз эл аралык аба жолдору” ААКка стюардесса болуп ишке орношуп, 2003-жылы өз каалоом менен жумуштан кеткем», — деди ал.

Каарманыбыздын чет өлкөгө болгон саякаты 2003-жылы турист болуу менен башталган.

«Менин чет өлкөгө болгон саякатым 2003-жылы башталды. Анда мен Чехия мамлекетине турист катары келгем. Бул өлкө мага абдан жагып, ушул жерде калып калууга ниет кылгам. Башында баары эле кыйналат экен, биз дагы башыбыздан көп кыйынчылыктарды өткөрдүк. Жогорку билимим менен көптөгөн жөнөкөй жумуштарда иштедим. Пол жуудум, дүкөндө сатуучу болуп иштедим. Тил үйрөнүп, дипломумду аккредитация кылгандан кийин гана өзүмө жаккан жумуштарга иштөөгө мүмкүнчүлүк болду.

Ошентип, «Сохо» ЖЧКсында 6 жыл башкы менеджер болуп иштедим. Ушул 6 жылдын ичинде биздин ишкана аркылуу 5 дүкөн ачылды. 2011-2012-жылдары «Лави Даймондс» компаниясында маркетолог болуп эмгектенүүгө да жетиштим. Бул ишканада иштеген учурумда алмаздардын жана асыл таштардын сапатына баа берүү үчүн лаборатория ачылды. Компаниянын сатуу жана жүгүртүүсү өскөн. 2012-жылдын сентябрь айынан баштап «Райффайзен» банкына VIP кардарларды тейлөө жумушуна кирдим. Ал жакта 5 жыл эмгектендим. Мен иштеген жылдары банкка 1,5 млд чехтердин крона акчасы тартылды. Уктап жаткан банк кардарларын активдүү иштетүүгө жетиштик. Ошондо Чехия боюнча эӊ мыкты натыйжа көрсөтүп, банктын алдынкы кызматкерлеринин катарын толуктаганбыз.

Бул австриялыктардын банкы болгону үчүн ар жыл сайын «эӊ мыкты банкир» катары Австрияга жалгыз барып жүрдүм. Менин жакшы көрсөткүчтөрүмдү байкаган россиялык ишкер Чехиянын Карловы Вары деген шаарына Экспобанкын ачып, жумушка чакырып калды. Натыйжада россиялык банкта VIP кардарларды тейлөө кеңсесине жетекчи болуп, 2017-жылы дайындалдым. Менин кол алдымда 7 адам иштешти. Бул банкта 2 жыл иштеген учурумда, Россиянын Чехиядагы элчилиги менен байланыш түзүлдү. Консулдук кызматтарынын акылары төлөнүү үчүн Россиянын андагы элчисине атайын автоматтар орнотулду. Ошентип бул банкттан дагы өз каалоом менен 2019-жылы кеттим», — деди ал.

Ал казакстандык жигитке турмушка чыгып, экөө биргеликте жеке компания түзүшкөнүн айтат.

«Жолдошум Мурат Маденов 1971-жылы төрөлгөн, улуту казак. Ал Чехиядагы «Поликсена» капитал компаниясында жетекчилик кызматты аркалап келет. Экөөбүз ушул эле Чехияда таанышып, баш кошконбуз. Чехиянын Карловы Вара шаарында 3 бөлмөлүү батирибиз бар.

Пример HTML-страницы

Учурда экөөбүз 1 уул жана 1 кыздын ата-энесибиз. Уулум 25 жашта, учурда Прагадагы техникалык университетте архитектор жана шаарча адистиги боюнча күндүзгү бөлүмүндө окуйт. Кызым 15 жашта, ал аталган шаардагы Лубишина атындагы орто мектебин аяктап, мамлекеттик башкаруу тармагында өнөр-жай колледжде окуйт.

Анын айтымында, жардам сурап кайрылган мигранттар көп.

«Азыркы тапта VIP PAMIR акционердик коомдун байкоочу кеңештин мүчөсүмүн жана жолдошум экөөбүзгө таандык Чехия аймагында каржылоо жана инвестиция боюнча кызмат көрсөтүү үчүн «Sada Consulting» аталышындагы компаниябыз бар. Мындан сырткары, «Слово 21» бейөкмөт уюмунун ыктыярчысы, «КВ Вумен Клаб» айымдардын клубунун активдүү мүчөсү жана байкоочусумун.

Эл аралык мамилелер университетине сырттан окууга өткөм, бирок учурда ден соолугума байланыштуу окуумду убактылуу токтотуп турам. Мен дайыма өзүмдү өстүрүү үчүн билим алып, квалификациялардан өтүп келем. 2018-жылы чехтер: «Кыргызтандан болот экенсиз, эки өлкөнүн менталитетин билесиз. Бизге эмгек мигранттар керек» деп айтып калышты. Ошентип, 3-4 компанияны уюштуруп Кыргызстанга барып, эмгек мигранттарын жумушка орноштуруу үчүн офистерди ачтым.

Анда 50гө чукул адам Кыргызстандан келип, чоӊ заводдордо иштеп калышты. 2019-жылдын аягында чехтер эмгек рыногун коргоп, биздин өлкөдөн келген мигранттарды кабыл алууну токтотушту. Анан эле коронавирус пандемиясы башталып калды. Ошону менен Кыргызстандагы офистерди жаптык. Антсе дагы, Чехиядагы иштеген биздин көптөгөн мекендештер ар кандай жардам сурап, көп кайрылышчу. Ошону менен 2019-жылы расмий түрдө катттоодон өткөрүп, диаспора ачтык. Анда бир гана Чехиядагы эмес, Европадагы мекендештерибизге моралдык жана материалдык жардам көрсөтүп келебиз. Документин жоготуп, үйүнө кете албай жаткан мекендештерибизге ички иштер министрилиги менен биргеликте жардам берүү кызматын кылабыз.

С.Даминова убактысын өзүн өнүктүрүүгө жумшайт.

«Мен китеп окууну, Чехиянын жана Кыргызстандын мыйзамдарын изилдөөнү жакшы көрөм. Чех тилинде эркин сүйлөйм. Бош убактамда балдарым менен токойго сейилдегенди жакшы көрөм. Бул жакта жалаӊ орусча жана чехче сүйлөгөнүбүздөн улам, балдарыбызга кыргыз тилин үйрөтүү көйгөй жаратып келет. Бул багытта дагы Германиядагы кыргыз маданияты менен биргеликте иштерди алып барганы жатабыз. Кыргызстан менен Чехиянын мамилеси боюнча көптөгөн пландар жана ой-максаттар бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE