Баткендик Айгүл Токтор кызы цехинде кыз-келиндерди окутуп, чеберлерди чыгарууда

TurmushБаткен шаарынын тургуну Токтор кызы Айгүл тигүүчүлүккө кызыккан кыз-келиндерди 3 айлык окуу курсунда окутуп, чеберлерди даярдап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул окуу курсун ачканына аз гана убакыт болгон. Бирок 40тан ашуун кыз-келинди окутуп, жумуш орду менен да камсыз кылууга жетишкен. Бул жерде окугандарды алды чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт.

Айгүл айым бул кыялын орундатуу үчүн көп эмгектенген. Жада калса чет жерде мигрант болуп да иштеген. Миграцияда жүргөн убагында кыз-келиндердин түйшүгүн көрүп, аларга өз жеринде аз да болсо жумуш орундарын түзүп берүүгө көзү жеткен. Мындан улам тез арада чакан ишканасын ачып, эми минтип 6 кишини туруктуу жумуш орду менен камсыздап отурат. Мындагы тикмечи кыздар бир эле элдин буйрутмасын аткарбастан, кече көйнөктөрүн, жаш балдардын кийимдерин жана аймактагы бардык аскер, милиция кызматкерлери үчүн атайын кийимдерди тигет. Жергиликтүү кийим саткан дүкөндөрдү да дүң баада өздөрүнүн тиккен кийим-кечелери менен камсыздаганга жетишкен. Цехте кыздардын себин да даярдап беришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️