Баткендеги жашоочулар Айгүл гүлү азайып кеткенине тынчсызданууда (видео)

TurmushБаткен облусунда дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлү гүлдөдү. Аны көрүүгө Кыргызстандын бардык аймактарынын жашоочулары жана туристтер келип баштады, деп билдирди аймактык кабарчы.

Айгүл гүлү келген кишинин көзүнө дароо уруна бербейт. Гүлдөрдү тоонун бийик бооруна чыгып барып гана көрүүгө болот. Анткени Кызыл китепке кирген гүл жылдан жылга азайып, тоо этектеринде дээрлик гүлдөбөй калды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындан 10 жыл мурда Айгүл гүлү тоодо жайнап турчу. Алар мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, гүлдөрдү кайра көбөйтүү керек деген пикирлерин билдиришти.

Ошол аймакка жакын жерде мал багып жүргөн Акбари Сатыгулов гүлдөрдү ушундай кезинде көбөйтүп жана сактап калуу зарыл экендигин айтат. Буга чейин Айгүл гүлдөгөндө тоонун боору килем төшөлгөндөй көрүнчү.

«Мурда алыстан караган кишиге тоого кызыл-сары килем төшөп койгондой көрүнчү. Азыр ал гүлдөр жок. Гүлдү көрүш үчүн тоонун чокусуна чыгыш керек. Жылдан жылга азайып бара жатат. 5-6 жылда жоголуп кетиши мүмкүн. Мурда мал аралап жүргөндө да мындай болчу эмес. Адам аралап, жок кылып жатат. Буга көңүл буруш керек деп эсептейм», — деди Сатыгулов.

Пример HTML-страницы

Жергиликтүү тургун Кымызай тоо бооруна чыгып, келген конокторго гүлдөргө зыян келтирбей, аларды жулбоо керектигин эскертип келет. Анын айтымында, коноктордун айрымдары гүлдөрдү тамыры менен жулуп, сындырып кетет.

«Гүлдөрдү жулуп салышат, тебелеп сындырышат. Азыр эле бир кыздар жулуп алыптыр. Аларга айтып келе жатам. Байкасаңыздар, гүлдөр тоонун боорунда, ал жердеги тикендерге жашынып өсүшөт. Булар адамдардан жашынып алгандай сезилет. Ылдый жакта гүл жок, өспөй калган», — деди ал.

Айгүл гүлү жоголуп кетүү коркунучунда экенин белгилеген жергиликтүүлөр аны сактап калуу аракетин көрүшүүдө. Айгүл гүлдөгөн мезгилде окуучулар тоого чыгып, келген конокторго гүлдөрдү үзбөө керектигин эскертишет.

Айгүл тоону көргөнү келген ар бир адам 50 сомдон акы төлөйт. Каттоого алынып, төлөм тууралуу дүмүрчөк берилет. Каражат түшүп жаткан менен андагы отургучтар, эс алуучу чатырчалар, жолдор каралбай калган.

Айгүл гүлү Баткен шаарынан 20 чакырым алыстыкта, анча бийик эмес тоодо өсөт. Аталган гүл апрель айынын баштапкы апталарында гүл ачып баштайт. Айгүлдүн уругу жерден чыккан соң 7-8 жыл дегенде гүл ачат. Бою 1 же 1,5 метрге чейин узарат. 40 күн гүлүн ачып турат.

  • Айгүл гүлүнүн илимий аталышы — Эдуард чаар гүлү. Эртең менен гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларын байкоого болот. Айгүл гүлү жөнүндө жергиликтүү эл арасында сүйүүсүнө жетпей калган эки жаштын көз жашы тууралуу уламыш айтылат. Бул гүл Баткендин аймагынан башка Иран, Ирак, Гималайда, Түркиянын түштүк-чыгышында, Афганистанда өсөт.

Айгүл тоо Баткен облусундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылында жайгашкан. Жалпы аянты 253 гектар. Өкмөттүн 2009-жылдагы № 628 токтому менен Айгүл-Таш тоосу ботаникалык коргоо аймагы болуп түзүлгөн. Айгүл гүлүн коргоо максатында СССРдин Кызыл китебине 1978-жылы, ал эми Кыргызстандын Кызыл китебине 2004-жылы киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️