Баткендеги жайлоодо 2 мылтык менен жүргөн адам кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде мыйзамсыз ок атуучу курал көтөрүп жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен РИИБдин кызматкерлери район аймагында «Арсенал», «Бандит» рейддерин өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө Баткен районунун 59 жаштагы тургуну Чорго жайлоосунда 12 жана 32 калибрдеги 2 мылтыкты мыйзамсыз көтөрүп жүргөн жеринен кармалды.

Бул факты Баткен РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иш башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иши аяктап, учурда соттук кароого жиберилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️