Баткендеги жүрөк таш Айгүл кыз менен Козулан баатырдын сүйүүсүнүн символу (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен районунун Кара-Булак айылындагы Айгүл-Тоодо жүрөк таш бар. Аймактык кабарчы анын таржымалын такташтырды.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, тоонун күн батыш тарабындагы таш жүрөктүн элесин чагылдырып тургандыгы үчүн жүрөк таш деп аталып калган. Уламышка караганда, өткөн заманда Айгүл аттуу сулуу кыз айылдын атагын алыска чыгарган. Көптөгөн баатырлар ал кызга жетүүнү самаган. Бирок сулуунун өзү тандап сүйгөн Козулан аттуу баатыр жигити болгон. Чет жактан басып кирген душмандар менен согушууга Козулан баатыр да кетет. Айылда жалаң кыз-келиндер, кемпир-чалдар калып, казатка кеткендердин аман-эсен келишин тилеп, күтүп калышат. Айгүл кыз дайыма жигитин күтүп, айылга жакын жердеги тоого чыгып, жол карап турчу.

«Согуштан келсе, эки жаштын тоюн өткөрөбүз» деп айыл ичи камылга көрүп жатканда жаман кабар келет. Айгүлгө Козулан баатыр согушта баатырларча курман болгондугун угузушат. Сүйгөнүнөн айрылган Айгүл тоонун эң бийик жерине чыгып, аскадан өз боюн таштап жиберет. Анын каны чачыраган жерлерге кийинки жылы гүл өсүп чыгат. Жергиликтүү эл аны кыздын атынан айгүл гүлү деп аташат. Ал жерде 2 тоо бар — анын бирөөсү Айгүл-Тоо, маңдайдагы экинчи тоону Козулан-Тоо деп аталат. Ал жерде Козулан баатырдын жүрөгү көмүлгөн. Сүйүүсүнө жетпей калган эки жаштын тоосу бири-бирине жакын. Түнкүсүн Айгүл-Тоосуна чыгып, Айгүл менен Козулан баатырдын жолугушкан учурун көргөндөр болгондугу айтылат.

Ал эми тоодо өскөн айгүл гүлү түнкүсүн ай чыкканда гана гүл ачат деген ишеним бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️