Баткендеги заводдо 28 жаштагы жигит өмүр менен кош айтышты

Акыркы жанылыктар

Turmush31-августта Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы вино заводдо иске ууланган жигит каза болуп, дагы 1 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына Баткен ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, милицияга 31-августта 13:05 чамасында ооруканага 1996-жылы туулган жигиттин сөөгү жана 1973-жылы туулган адам ууланып оор абалда жеткирилгени жөнүндө маалымат түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу 31-август күнү саат 10:00 чамасында Баткен районунун Чоң-Талаа айылында жайгашкан «ГЛОБАЛ АЛКО» ЖЧКнын вино сактоочу 10 тонналык идиштерин тазалап жаткан учурда Баткен районунун Чоң-Талаа айылынын 1973-жылы жана 1996-жылы туулган тургундары ууланганын тактаган. Анын кесепетинен 28 жаштагы жигит ооруканага жетпей каза болуп калган. Маркумдун жакындары экспертизага берүүдөн баш тартып, сөөгүн ооруканадан алып кетишкен. Учурда бул окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «ГЛОБАЛ АЛКО» ЖЧКсы 2008-жылы 10-сентябрда кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси катары Касымов Исак Абдумомунович, түзүүчүлөрү катары Туманян Мисак, Саргсян Аргишти, Андронов Владислав көрсөтүлгөн. Компания дүңүнөн соода кылуу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️