Баткендеги тургундар жол боюнан жаңы төрөлгөн ымыркай табышкан. Окуянын чоо-жайы белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагында жаңы төрөлгөн ымыркай көчөдөн табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя октябрь айынын аяк ченинде катталган. Жергиликтүү тургундар Бак айылынын Кайматов тилкесинен кечинде ымыркайды (уул бала) таап алышкан. Күбөлөр аймактык милицияга кабар беришкен.

Ал эми Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Эсенбек Абдилатов окуя болгонун тастыктап, ымыркайдын энеси башка шаардан экени аныкталганын билдирди.

«Октябрь айында жолдун боюнан табылды. Ошол эле замат, эки сааттан кийин ымыркайдын энеси да табылды. Алар Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары экен. Ымыркайды кайра алып кетишкен. Андан кийин окуя эмне болгон, баланын тагдыры кандай болду, кабарыбыз жок», — деди Абдилатов.

Turmush басылмасына маалым болгондой, келин баласын көчөгө таштап, аны сүрөткө тартып, 20 мүнөттөн кийин милицияга кабар берип, өзү окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин териштирип келгенде ал ымыркай өзүнүн баласы болуп чыккан. Келиндин үй-бүлөсү жок экени белгилүү болгон. Бала караңгыда ит-кушка жем болуп калбасын деген максатта милицияга кабар берип, өзү кеткенин айткан.

Пример HTML-страницы

Эне-бала ооруканага жаткырылып, 3-4 күндөн кийин чыгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️