Пример HTML-страницы

Баткендеги тоолордун аскаларында 1500-2000ге чейин сүрөт тартылган

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен шаарынын Кызыл-Жол аймагынын Кара-Эгиз тоосундагы «Саймалуу-Таш» коругундагы аскаларда 1500-2000ге чейин сүрөт тартылган. Бул тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров билдирди.

Маалым болгондой, «Саймалуу-Таш тарыхый маданий жайы 2016-жылы корукка алынган. Бул жердеги таштарда 2000ге жакын ар кандай жаныбарлардын, мергенчилик кылып жаткан адамдардын, куш салган мүнүшкөрлөрдүн, кербендин сөлөкөттөрү жана ар кандай курал-жарактардын түрдүү сүрөттөрү чегерилген. Петрогилифтердин башка жактагы саймалуу таштардан айырмасы адамдардын сүрөттөрү көп жана алардын баатыр, мартабалуу адамдар экени айгинеленип турат.

«Башка саймалуу таштарда ташка чегилген сүрөттөрдө адамдардын эмгек кылып жатканы же сыйынып жаткандары гана тартылган. А бул жерде атактуу адамдардын эрдиктери көп түшүрүлгөн. Бул биринчиден алардын бут кийимдери, баш кийимдери алардын даражаларын айгинелеп турат.

Экинчи белгиси атчан адамдар көп кезигет. Анан атчан адамдардын башында калпак же ошого окшогон чоң баш кийим, колунда найза, бир колунда туусу бар. Чыныгы кыргыздардын менталитетине таандык сүрөттөр.

Буларды сактап калуу өтө маанилүү. Келечек муунга өткөрүп берүү керек. Ташка чегилген тарых, ташка чегилген искуство, ташка чегилген маданият, кол өнөрчүлүк мунун мааниси көп. Муну биз өзүбүздүн аң-сезимибизге жараша түшүнүп жатабыз. Ал эми ошол учурдагылар, ошол доордогулардын саясий аң-кезими кандай болгон бул экинчи маселе. Сүрөттөр кайсы убакытка чейин сакталат, эстеликтин уникалдуулугу да ушунда», — деди Кадыров.

Тарыхчылар Баткен облусунун аймагынан 10го жакын петроглифтер сакталып калган объектилерди табышкан. Аталган Кара Эгизи тоосунда 1500-2000ге чейин сүрөттөр табылган.

Тарыхчылардын айтымында бул петроглифтер биздин заманга чейин 2-1-миң жылдыкка таандык. 10 гектарга жакын корук мындан 8 жыл мурда жергиликтүү тарыхчылардын демилгеси менен тосулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE