Баткендеги селден улам адамдар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 10-июлда Баткен районунда жүргөн селден улам Ак-Татыр айылынын суу каптаган тилкелеринен жалпы 137 адам туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 50сү жаш бала. Айылдын мектебине убактылуу баш калкалоочу жай уюштурулду. Бирок ал жерде жайгашкан тургундар жок.

Ага катар эле сел үйлөргө, жолдорго кирип, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткен районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Селдин кесепеттерин жоюуга бүгүн, 11-июлда Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүкзар тилкесине ӨКМден 121 куткаруучу жана 7 мотопомпо, облустук жарандык коргонуу кызматтары, 14 техника тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️