Пример HTML-страницы

Баткендеги прокурорлор окуучуларга тартипти сактоону эскертишти

Акыркы жанылыктар

Turmush9-мартта Баткен районунун прокуратурасы Баткен шаарындагы орто мектептердин окуучулары менен «Өспүрүмдөрдү тарбиядан өксүтпөйлү» аталышындагы жолугушуу өткөрдү.

Маалым болгондой, анда 9-10-11-класстын окуучуларына жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу, укук бузуулардын абалы, алардын мыйзам менен корголгон укуктары, милдеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйын суроо-жооп иретинде уланып, окуучулар укук, тартип боюнча кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Бүтүрүүчү класстарга түнү саат 10:00дөн кийин чоң адамдардын коштоосусуз көчөдө жүрбөшү керектиги скертилди.

Аталган иш-чара Баткен районунун аймагындагы мектептерде улантылууда.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE