Пример HTML-страницы

Баткендеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасындар спорттук мелдештер уюштурулду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында спорттук мелдештер өттү.

23-июнь — мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата өткөн мелдештер Сүлүктү шаарында уюштурулду.

Волейбол боюнча эркектер арасында:

  • 1-орунду Баткен шаардык мэриясы;
  • 2-орунду Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы;
  • 3-орунду КР президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты ээледи.

Волейбол боюнча кыз-келиндер арасында:

  • 1-орунду Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы;
  • 2-орунду Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы;
  • 3-орунду Сүлүктү шаардык мэриясы ээледи.

Футбол боюнча эркектер арасында:

  • 1-орунду Баткен шаардык мэриясы;
  • 2-орунду Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы;
  • 3-орунду КР президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты алды.

Аркан тартыш боюнча эркектер арасында:

  • 1-орунду Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы;
  • 2-орунду КР президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты;
  • 3-орунду Баткен шаардык мэриясы алды.

Аркан тартыш боюнча кыздар арасында:

  • 1-орунду КР президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты
  • 2-орунду Кызыл-Кыя шаардык мэриясы
  • 3-орунду Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE