Баткендеги котур баскан аскерлерди айыктырган суунун сыры (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы дарылык касиетке ээ Пидап суусу бар. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын таржымалын сураштырды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул булактын жыты сасык. Курамында көмүрсуутек заты бар экени айтылат.

Анын Пидап суусу деп аталышы дагы өзүнчө тарых. 1875-1876-жылдары Россиянын падышачылыгы Фергана өрөөнүн каратып алгандан кийин бул аймактарда аскер күчтөрүн да кармап турган. Ал аскерлер котур болуп, денелерин жара басып кетет. Ошондо В.В.Пидов деген биолог-химик окумуштуу ак падышанын буйругу менен келет. Ал сураштырып отуруп, азыркы Кадамжай районунун Ак-Турпак аймагындагы негизги жолдун түштүк тарабында 8-9 чакырым тоо арасында жайгашкан ушул сасык булакты табат. Окумуштуу суунун дарылык касиетин аныктап, сасык булактын айланасына медпункт ачтырып, котур баскан аскерлерди айыктырган. Кийинчерээк бул медпункт сел акканда талкаланып жок болот. Окумуштуунун атынан улам дарылык касиети бар булак бүгүнкү күнгө чейин Пидаптын (Пидов) суусу аталып келет.

Бул суудан бүгүнкү күнгө чейин пайдаланып, шыпаа таап жаткандар бар. Пидап суусунан ичкен мал боор, курт оорусу менен оорубайт дешет. Аны менен бирге ар кандай тери ооруларына дары. Жүзүм сыяктуу мөмөлөргө алдын ала ушул суудан чачып койсо эч кандай ооруга чалдыкпайт дешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️