Пример HTML-страницы

Баткендеги көчөлөрдө белгисиз жазуу пайда болгондон кийин 3 жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарындагы көчөлөргө белгисиз жазууларды жазган жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен шаарынын көчөлөрүндө 18-сентябрга караган түнү белгисиз жазуулар пайда болгон. Бул жазуулар баңгизаттарды жана психотроптук заттарды сатып алууга үгүттөгөн жарыялар экендиги маалым болгон. Баткен РИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 18-сентябрь күнү эртең менен Ош шаарынын үч тургуну аныкталып, Баткен шаарынан кармалды.

Алар — 25 жаштагы Х.М., 26 жаштагы Н.С. жана 25 жаштагы Н.М., экөө мурда сот жообуна тартылган.

«Бул жарандар синтетикалык баңгизатты соцтармактар аркылуу жарыялап, сатып, кардар табуу аракетинде көчөлөргө жазууларды жазышкан. Жогорудагы факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы