Баткендеги имам-хатибге достору унаа алып беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Кызыл-Бел айылынын имам-хатиби Жусупбек Кудайбердиевге «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаа белекке берилди.

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун айтымында, имамга болгон мындай колдоо достору тарабынан болгон.

«Жусупбек Кудайбердиев Кызыл-Бел айылынын борбордук мечитинин имам-хатиби болуп иш алып барат. Өзү билимдүү жигит. Анын илимин сыйлашып, чын ыкластан кылган ишмердүүлүгүн, акыл-насаатын баалашып, достору “жөө жүрбөсүн” деп, унаа белек кылышты. Бул бир тарабынан жаш үй-бүлөгө болгон колдоо да болуп калат», — дейт ал.

Имам Жусупбек Кудайбердиев унаа белек кылган досторуна ыраазычылык билдирди.

«Өзүм бир жылдан бери Кызыл-Бел айылындагы мечитте имам-хатибмин. Буга чейин Египет өлкөсүнөн 13 жыл илим алып келдик. Достордон Аллахым ыраазы болсун. Негизи бул белекти жарыя кылууну каалашпады эле. Башкаларга мотивация, үлгү болсун дешкенинен жарыяланды. Кудайга шүгүр, жаштарыбыз ынтымактуу жана биримдиктүү», — дейт ал.

Пример HTML-страницы

Кызыл-Бел айылы — Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына карап, Тажикстан менен чектешкен аймакта жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️