Пример HTML-страницы

Баткендеги ээн жерден адамдын сөөгү жашырылган табыт, сөйкө, шуру, канжар табылды (сүрөт)

TurmushБаткен районунун Ак-Татыр айылынын Кызыл-Кошун аймагынан байыркы мезгилдерге таандык адамдын сөөгү жашырылган табыт, түрдүү формадагы чопо идиштери табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Баткен мамлекеттик университетинин тарыхчы мугалими, тарых илимдеринин кандидаты Акжол Кадыров билдирди.

Анын айтымында, бул табыт гунндардын дооруна таандык болушу ыктымал. Табыт менен кошо аялдарга тиешелүү чачпак, сөйкө, шуру, бычак, канжар сыяктуу буюмдар да табылган. Аталган аймакта 118 мүрзө дөбө каттоого алынып, анын ичинен 17си казылган.

«22 күн ичинде 17 мүрзө казылды. Алдыда дагы 10 күн жумуш уланат. Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Кошун жергесинде БатМУнун, ОшМУнун окутуучулары жана студенттери, Тарых, археология жана этнология институтунун окумуштуулары археологиялык казууларды жүргүзүүдө.

Группада жалпы 27 киши бар. Жетекчибиз архелог тарых илимдеринин кандидаты Ташбаева Кадича Искендеровна. Биздин БатМУнун кызматкерлеринен тарых илимдеринин кандидаты доцент Абдинаби Кадыров менен мен кошулдум.

Азыркы учурда былтыры башталган иштин уландысы жүрүп жатат. Бул жер Кара-Булактагы тарыхый маданий эстеликтер менен доорлош. Бир топ табылгалар табылып жатат. Мисалы курама эмес, чабылып оюлуп ичине сөөк жашырылган табыт табылды», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE