Баткендеги чек арада кыргыз жана тажик жарандарынын айыл чарба иштери токтотулду

Turmush9-апрелде Лейлек районунун Сай аймагында кыргыз жана тажик чек арачылары жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жолугушууда шарттуу чек ара тилкесине жакын жерде айыл чарба жумуштарын жүргүзүү маселеси талкууланды.

9-апрелде Кыргызстандын жарандары чек арага жакын тилкеде Кыргызстандын М.М. аттуу жаранына таандык 4 сотых жерге эгин эге баштаган. Тажикстандын чек арачылары аларга келип, ишти токтотууну талап кылышкан. Чыр чыгып кетпеши үчүн чек арачылардын жолугушуусун уюштуруу чечимин кабыл алынган.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кыргыз жарандарынын эгин эгүү иштерин токтотуу макулдашылган. Тажик жарандары болсо өз кезегинде Сай аймагында 14 гектар жердеги ишин токтотмок болгон. Бул иштер эки тараптын райондук администрацияларынын жетекчилеринин жолугушуусуна чейин токтотулду.

Кыргыз тарап буга катар эле Лейлектин Катта-Туз аймагына каршы тилкеде окоптордун казылышын токтотууну талап кылды. Тажикстандын чек арачысы ал окопторду казган аскер кызматкерлери жазаланганын билдирди. Тажик тарап мындан тышкары Майты аймагындагы 28 гектар жердеги ишти токтотот.

Тараптар тажик тараптын Сада деп аталган жердеги арыктарды тазалашы боюнча маселе жетекчилердин жолугушуусунда талкууланышы керектигин макулдашты. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы райондук администрациялардын жетекчилерине жеткирилди. Алар ушул жумада жолугушат.

Пример HTML-страницы

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

Жергиликтүүлөр бөлүшкөн видео

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️