Баткендеги аким, салыкчы, дарыгердин ишине сындар айтылып, министрликке даттануу берилмек болду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 25-июлда Баткен облусунда 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгын чыгарган облустук коллегия болуп өттү. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун жана Баткен районунун жетекчилигинин иштерин сынга алып, бир катар кемчиликтерди белгиледи.

Ошондой эле Баткен облустук билим берүү усулдук борборунун директору Осмон Эркебаев менен Лейлек райондук салык кызматынын башчысы Арстан Жемуратовдордун ишиндеги кемчиликтери үчүн чара көрүү үчүн Билим берүү жана илим министрине, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасына сунуш берүү чечими кабыл алынды.

Ал эми Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков, Баткен райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун директору Асел Кошбаева, Баткен облустук бириккен ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Абдрашитовдордун иши канааттандыраарлык эмес деп бааланып, кемчиликтерди жоюу милдеттендирилди.

Аны менен катар Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Халмуратов, Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Тилековдордун ишин кароо, кетирген кемчиликтери үчүн чара көрүү сунушу берилди.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️