Баткендеги айыл өкмөт башчы кызматтан алынды. Ал буга чейин мас абалда унаа башкарганы үчүн 3 суткага камалган

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТемирбаев Сардарбек Өмүрзакович Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул маалыматты райондук администрациядан тастыкташты.

Маалым болгондой, Сардарбек Темирбаев «ишенимди жоготкону үчүн» кызматтан алынган. Тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 17-июлунда аким Канымет Осмонбеков кол койду.

Turmush басылмасына маалым болгондой, 2024-жылдын 5-июнунда саат 00:35 чамасында Лейлек РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Раззаков шаарынын Додосьян көчөсүндө Сардарбек Темирбаевдин башкаруусундагы унааны текшерген. Ал унааны спирт ичимдигин ичип алып, башкарып келе жатканы аныкталган. Ага Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинин 1-1-бөлүгү (мас абалындагы кандай болбосун транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамдын транспорт каражатын башкаруусу ) боюнча протокол түзүлгөн.

Материалдар Лейлек райондук сотуна өткөрүлүп берилген. 2024-жылдын 14-июнундагы соттук отурумда Сардарбек Темирбаев укук бузгандыгын толугу менен мойнуна алган.

Лейлек районунун прокурорунун жардамчысы Р.Абдивап уулу укук бузуучуга карата 3 суткага камак жазасын колдонууну суранган.

Пример HTML-страницы

Лейлек райондук соту иштин материалдарын карап, 3 суткага камак жазасын берген.

Сардарбек Темирбаев 2021-жылдын июнь айында Тогул-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган. Ал учурда айыл өкмөт башчыны айылдык кеңештин депутаттары шайлачу. Учурда айыл өкмөт башчылар аким тарабынан дайындалат.

Сардарбек Темирбаев — Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаеванын («Ишеним» фракциясы) иниси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️