Пример HTML-страницы

Баткендеги 3 айылдын жашоочулары булактарды бир нукка салып, айыл аймакка суу алып келишти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Тамаша, Кароот, Жалгыз-Булак айылдарынын тургундары 6 чакырым алыстыктан арык чаап, айыл аймакка суу алып келишти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган аймакта агын суу, дарыя жок. Мындан улам тоодогу булактардын көзүн бириктирип, бир нукка салышкан. Ал сууну сугат суу жана ичүүчү суусу катары пайдаланышат.

Жыл сайын суу буруп келерден мурун аталган айылдардын тургундары чогулуп, мал союп, түлө өткөрүп, ашар ишин башташат. Тактап айтканда, булактардын көзүн тазалап, толуп калган арыктарды ачып, жалпы 6 чакырымдай аралыктан суу алып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE