Баткенде жолбун иттер кой-эчкилердин ичин жарып жеп кетип жатат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районуна караштуу Суу-Башы айыл аймагында жолбун иттер адамдарга жана мал-жандыктарга кол салып жатат. Бул туурлалуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, жолбун иттердин тобу кой-эчкилердин курсагын жарып, жеп кеткен.

«Айылдын четинде оттоп жүргөн мал-жандыктарга иттер тиш салган. Талаада мал багып жүргөн балдарга да асылган. Бирок алардын жанында бычак болуп, ошол менен тап берип, кыйкырып коргонуп калышкан. Малды жарып, жеп кетип жатат. Бир кишинин 10-15 чакты эчкисинин үчөөнү жеген. Дагы бир айылдашыбыздын 2 малын жеди. Койлорду жеди. Иттердин бир тобу 8 ит, экинчи тобунда 6, дагы бир топто 4 ит болгон. 4 иттин тобун кууп, экөөсүн аттык. Экөө качып кетти. Алар талаада ачка жүрүп, жапайы болуп кетишиптир. Буга чейин да мал жеп жүргөн. Өткөн жылы 2 кызга тиш салганда элден акча жыйып, айылдагы мергендер аткан элек. Кечээ дагы элден акча жыйып, ок алып аттык», — деди жергиликтүү тургундар.

Суу-Башы айыл аймагынын башчысы Кубаныч Дыйканов айылдагы жолбун иттер жок кылынганын айтты.

«Биздин айыл өкмөттө 5 айыл бар. Анын ичинде 4 чоң айыл. Иттер адамдардын малына кол салгандан кийин эртеси, биз акча бөлүп, буга чейин атайын уруксаты бар мергенчилердин тобу бар, ошолор менен жолбун иттерди атып, тиешелүү жерлерге көмүлүп, өрттөлүп, жок кылынган», — деди Дыйканов.

Суу-Башы айыл аймагынын маалыматына караганда, Боз-Адыр айылында 21 ит, Кара-Токой айылында 13 ит, Бөжөй айылында 7 ит, 4 чөө 1 жолбун мышык атылып, жок кылынган. Ал эми Апкан айылында 2024-жылдын башынан бери 14 жолбун ит жана 1 уй атылган.

Пример HTML-страницы

Суу-Башы айыл өкмөтү жолбун иттерди, карышкыр жана чөөлөрдү жок кылуу үчүн бир жылга 45 миң сом бөлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️