Баткенде жаш келин башынан оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Шектүү катары күйөөсү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде күйөөсүнүн ур-токмогунан улам 32 жаштагы келин комага түштү. Бул маалыматты облустук милиция тастыктады.

Милициянын маалыматы боюнча, шектүү 19-октябрда түн ичинде жубайын Кара-Булак айылынын түштүк тарабынан өткөн жолдун жээгине алып барган. Пикир келишпестиктен улам жердеги ташты алып, башынын арт тарабына бир жолу уруп, окуя болгон жерден кетип калган.

Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, ага Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Учурда зомбулукка кабылган аял Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын абалы оор бойдон калууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️