Пример HTML-страницы

Баткенде тургундардын талкуусунан кийин алынган желек кайрадан өзгөртүүсүз илинди

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында жашоочулардын талкуусунан кийин алынган мамлекеттик туу кайрадан илинди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Буга чейин Баткен шаарынын борборунда илинген желек шаар тургундарынын сын-пикиринен улам алынган. Бирок аталган желек өзгөртүлбөй, кайра илингенин көрүүгө болот.

Активисттер Баткен шаарынын борборундагы туу Кыргызстандын мамлекеттик желегине окшошпой калганын айтып чыгышкан.

«Баткен облусунун борборуна көптөн бери өз алдынча өзгөртүлгөн туу илинип турат (түндүк менен күндүн нурунун көлөмү өзгөртүлгөн). Мамлекеттик символго болгон мамиленин эң төмөн көрсөткүчү десек болот. Тиешелүү жетекчилерден биздин өзүбүздүн туубузду илип коюуну талап кылабыз», — дешкен алар.

Жергиликтүүлөрдүн талкуусунан кийин желек алынганы белгилүү болгон.

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу ортосуна 40 нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE