Баткенде шекер 120 сомго чейин сатылып жатат

TurmushБаткен шаарында кумшекер ар кандай наркта сатылууда. Базардагы жана соода түйүндөрүндөгү баа менен аймактык кабарчы таанышып чыкты.

Маалым болгондой, учурда шекер 71 сомдон 120 сомго чейин сатылууда.

«Бизге кымбат келгени үчүн кымбат сатып жатабыз. Кийинки алынып келген шекер арзан. Биз өзүбүз кошуп жаткан жокпуз. Мурдагыдай эле пайда менен сатып жатабыз», — деди сатуучулар.

Ал эми жергиликтүү бийлик Антимонополия менен биргеликте комиссия түзүлүп, 31-мартта азык-түлүктүн баасын туруктуу кармап туруу боюнча рейд жүргүзүп, орто бааны белгилешкен.

Анда:

Жогорку сорттогу 1 кап ун — 2400 сом;

Пример HTML-страницы

Биринчи сорттогу ун — 1850-1950 сом;

«Полтарашка» сорттогу ун — 1500 сом;

Өсүмдүк майынын 1 литри — 160-200 сом;

Күрүч — 65 сом;

Макарон азыктары — 56-60 сом;

Сүт азыктары — 50-100 сом;

Шекер — 95-100 сом деп бекитилген.

Комиссиялык топтун маалыматында Мамлекеттик материалдык резервдик фондунан бөлүнүп келген кумшекер белгиленген 2 соода түйүндө 71 сомдон сатылып жатканы айтылат.

«Бүгүнкү күндө Баткен шаарына 97 миң тонна кумшекер, 41 миң литр өсүмдүк майы келип түшкөн. Учурда жер-жерлерде соода түйүндөрүндө арзан баада сатылып жатат. Анын ичинен Баткен шаарына жана район тургундары үчүн 26 тонна шекер алынып келген», — деди облустук жетекчиликтин экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Батма Имаралиева.

Айрым тургундар өкмөт алып келген кумшекер бир адамга 3 килограммдан ашык сатылбай жатканын жана анын сапаты начар экенин айтышууда.

«Учурда кыям даярдоо мезгили башталып жатат. Минтип шекердин баасы өсүп жатканы ойлондуруп жатат. Жетишсиз дегенинен баасына карабай алып жатабыз. Анан арзан деп өкмөттүкүнөн алалы десек 3 кг ашык сатпай жатат. Анан колдонгондор сапаты начар экен дешти. Ойлонуп калдык», — деди Баткен шаарынын тургуну Абдилаким кызы Сайрамкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️