Баткенде сел жүрүп, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолу жабылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 288-чакырымында катуу жааган жамгырдан улам сел түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-июнда саат 16:30 чамасында аталган аймакта катуу жааган жаандан улам сел жүргөн.

Жолду тазалоо иштерине атайын техника тартылды.

Буга чейин Кыргызгидромет 24-25-июнь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️