Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Баткенде рейд уюштурулуп, шекердин баасы арзандатылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн 5-апрелде Баткен шаарында социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарлардын баасынын негизсиз кымбатташына бөгөт коюу боюнча рейд уюштурулду. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан жана тиешелүү кызматтардагы адистер биргеликте түзүлгөн комиссиядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, рейдде сатуучуларга бааны ашыкча көтөрбөө жана сатып алуудагы талаптар тууралуу түшүндүрмө берилди.

«Бүгүнкү күндө негизинен ун, өсүмдүк майы, шекердин баасы базарда кескин көтөрүлүп, башка товарлар туруктуу сатылып жаткандыгы байкалды. Мониторингдин жүрүшүндө социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүүсүнө жол берилбестигин жана бааны негизсиз көтөргөн ишкерлерге чара көрүлөрүн эскерттик», — деди комиссияны мүчөсү Д.Жунусалиев

Товарларды сатып алууда ишкерлер товар берүүчүлөрдөн (поставщик) сөзсүз түрдө эсеп фактурасын алып калуулары жана ККМ колдонуу зарылдыгы эскертилди.

Бүгүнкү рейдтен кийин Баткен шаарындагы бардык соода түйүндөрүндө шекер 90 сомдон сатыла баштады.

  • Буга чейин Баткеде шекер 71 сомдон 120 сомго чейин сатылып жатканы айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE