Баткенде Өзбекстан менен чектешкен жердеги 72 метрлик көпүрө оңдолду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районундагы Кожошкен дарыясынан өткөн көпүрөнү оңдоо иштери жыйынтыкталды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, аталган көпүрө Кайтпас—Өтүкчү унаа жолунун 24,7-чакырымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашан. Көпүрө аркылуу Өзбекстандын Сох анклавына өтүшөт.

Баткен районунун Апкан айылынан Өзбекстан Республикасынын Сох анклавына өтүүчү Тул көпүрөсүндө 2024-жылдын апрель айынан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Оңдоп-түзөө иштери аягына чыгарылгандыктан Апкан айылында жайгашкан «Өтүкчү» жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрүү пунктун мурдагы ордуна (көпүрөнүн боюна) жайгаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Узундугу 72 метрди түзгөн бул көпүрөнүн жараксыз абалга келген плиталарын жана таянычтарын алмаштыруу менен оңдоп-түзөө жумуштары жаз алды менен башталган. Учурда жолдун интенсивдүүлүгүн эске алуу менен жаңы тирөөчтөрдү кайрадан куруу иштери жүрүп жатат.

Көпүрө 2024-жылдын 10-июлунда ачылды.

Turmush 2021-жылдын апрель айынын башында Баткен облусунда Өзбекстан менен бөлгөн чек арада «Кайтпас» жана «Өтүкчү» чек ара пункттары ачыганын жазган.

Пример HTML-страницы

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга «Кайтпас» өткөрүү жайы аркылуу кирип, Сох районуна чейин Кыргызстандын аймагы аркылуу жүрүп, «Өтүкчү» көзөмөл өткөрүү жайынан кайрадан текшерүү менен Өзбекстандын Сох районуна киришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️