Баткенде окуучулар сабалып, кыйноого кабылганы айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Бужум айылындагы Т.Мырзапаров атындагы орто мектебинде окуучу балдар арасында рэкетчилик катталды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мектептин 9-классынын окуучуларын 10-класстын балдары опузалап, уруп акча алып, айрым учурларда талаа жумуштарына иштетип жүргөн.

«Азыр бул иш боюнча биз жашаган аймактын жаш өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлоруна араз жазылды. Балдарды сабагандардан экөөнүн аты аталып жатат. Бул балдар 9-класстын окуучуларын коркутуп, опузалап акча алып, сабап жүрүшкөн. Талаа жумуштарына алып барып иштетишкен. Балдардын денесинде көк-ала тактар бар. Балдарды оорукана алып барып, дарыгердин кароосунан өткөрүштү. Балдар бул көрүнүш мектепте бир жылдан бери уланып келе жатканын айтышты», — дешти жергиликтүүлөр.

Жергиликтүүлөр, Билим берүү жана илим министрлиги жана укук коргоо органдары мектептердеги мындай көрүнүштөрдү дыкат көзөмөлгө алып, тиешелүү жактарга чара көрүүнү талап кылышууда.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы аталган окуя боюнча милицияга арыз түшпөгөнүн билдирди.

Пример HTML-страницы

2024-жылдын 11-октябрь күнү саат 20:15 чамасында ооруканадан Баткен районунун тургундары 2009-жылы туулган Д.А. жана 2010-жылы туулган Д.А. денесинен жаракат алып, кайрылгандыгын билдирген.

Аталган маалымат 11-октябрь күнү Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ооруканага кайрылып, амбулатордук текшерүүдөн өтүп кеткен жарандар Баткен районунун орто мектептердин биринин 9-классынын окуучулары экендиги аныкталган.

Учурда окуянын чоо-жайын аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Ошондой эле, аталган факт боюнча жашы жете элек өспүрүмдөр мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан арыз-даттануулар келип түшкөн эмес.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️