Баткенде окко учкан аксылык Нурсултандын ысымы өзү туулган айылындагы көчөгө ыйгарылды

TurmushБаткендеги чек ара чырында окко учкан Нурсултан Манасбек уулунун ысымы өзү туулуп өскөн айылдагы көчөгө ыйгарылды. Мындай маалыматты Авлетим айыл аймагынын башчысы Каныбек Атантаев ырастады.

Анын айтымында, эскерүү иш-чарасына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Ызабеков, Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери жана маркумдун жакындары катышты.

«2021-жылдын 28-30-апрель күндөрү Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышууда каза болгон УКМКнын чек ара кызматынын «Бөрү» атайын дайындалган отрядынын аскер кызматкери, маркум капитан Манасбек уулу Нурсултандын ысымын өзү туулуп-өскөн айылындагы көчөгө ыйгардык. Буга чейин ал көчө Сары-Челек деп аталчу. Мындан сырткары маркум билим алган мектепке атайын чакан музей ачылып, анда Нурсултандын сүрөттөрү, колдонгон буюмдары коюлду.

Иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, УКМКнын 2027 жана 2030 аскер бөлүктөрүнүн башкармалыгы жана өздүк курамы жана анын айылдаш, туугандары катышып, эскерүү сөздөрүн сүйлөштү. Мындан сырткары Нурсултанга багышталып Куран окулду», — деди Авлетим айыл аймагынын башчысы К.Атантаев.

Нурсултан Манасбек уулу 1992-жылы Дейрес-Сай айылында туулган. 4 бир туугандын үчүнчүсү. Мектепти 2010-жылы аяктап, 2015-жылы жогорку аскердик окуу жайын бүтүргөн. Ошол эле жылы Мамлекеттик чек ара кызматынын №2028 аскер бөлүгүндөгү 3-топтун командири болуп дайындалган.

Былтыр 28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда кыргызстандык 36 жаран курман болуп, 170тен ашык тургун жаракат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыкты.

Пример HTML-страницы

Тажикстандан 19 жараны мерт болгону кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️